Бишкектин айрым жерлеринде 2-апрелде суу өчүрүлөт

 Бишкектин айрым жерлеринде 2-апрелде суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

«Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 09:00дөн 19:00гө төмөндү даректерде ичүүчү суу токтотулат.

  • Достоевский, Анкара, Ауэзов — темир жол, көчөлөрү менен чектелет,
  • Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский городок турак жай конуштары.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

1 Апрель 2024 жыл 9:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча