Бостериде суучулдар көлдүн түбүнөн 1,3 тоннага жакын таштанды чыгарды

Бүгүн суучулдар тарабынан Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы ”Алтын кум” эс алуу жайынын акваториясында суу астын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суучулдар кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн түбүнөн болжол менен 1 200-1 300 килограмм ар кандай таштанды чыгарылды.

Тазалоо иштери Ысык-Көлдүн акваториясын таза кармоо жана эс алуучулар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.

11 Сентябрь 2026 жыл 10:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча