Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда биринчи туннелдин өтмөгү аяктады

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол линиясын куруунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон №2 Кош-Дөбө (түндүк) туннелинин өтмөгү аяктады.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришкендей, бул багытта өтмөгү толук бүткөн биринчи туннель болду.

«Долбоордун алкагында жалпы 104,084 чакырымды түзгөн 29 туннель куруукаралган. Учурда 28

 туннелде курулуш иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, биринчи туннелдин өтмөгүнүн аякташы долбоордун техникалык жактан татаал тилкелериндеги курулуш иштеринин алдыга жылганын көрсөтөт. Туннелдер тоолуу рельефте заманбап технологияларды жана инженердик чечимдерди колдонуу менен, коопсуздук талаптарын сактоо шартында курулууда.

11 Сентябрь 2026 жыл 13:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча