Быйыл 100 мектеп окуучулар үчүн эшигин ачат

Быйыл 100 мектеп эшигин ачат. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет тарабынан быйыл 100 мектепти колдонууга берилмекчи. Жаңы окуу жылында 43 билим берүү мекемеси ишке кирсе, андан бери курулушу аяктаган имараттар эшигин ачып, окуучуларды кабыл алууда.

Буга чейин, министрлер кабинети 2023-жылы республика боюнча 204 мектептин курулушу башталганын маалымдаган. Жалпысынан 491 объектинин курулушуна жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен 8 млрд сомдон ашуун каражат каралганын кошумчаланган.

8 Ноябрь 2023 жыл 11:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча