Чукул кабар! Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык бүгүн, 28-августта күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болуңуздар.
Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат

28 Август 2024 жыл 14:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча