Депутаттар Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Парламент бүгүн, 22-июнда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылды.

Эске салсак, 31-майда Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча Жогорку Кеңештен уруксат сураган.

22 Июнь 2023 жыл 18:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча