Энелик укуктан ажырган эне: «Апа» деп айтканыдарын сагындым. Кеч киргенде кийимдерин кучактап алып ыйлап отурам…»

Буга чейин социалдык тармактарда «заара ушатасың» деп эгиз балдарын аёосуз сабаган делген эненин видеосу тараган. Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришкен. 

Келиндин 21 жашта экени, анын камакка алынганы, ал эми кыздар атасына берилгени маалым болгон.

Келин Акыйкатчыга өзүнүн оор тагдырын айтып берген. Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана анын апасы ага психологиялык басым жасап келишкен. Ызаланган ал ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн. “Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген”, — деген. Прокуратура эгиз кыздарын сабаган энени энелик укуктарынан ажыратуу боюнча сотко доо арыз келтирген.

13-февралда келиндин энелик укуктан ажыратылганы маалым болгон. Энелик укуктан ажыратылган 21 жаштагы келин Т-Медиага кайрылып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

«Мен президентке кайрылгым келет. Балдарымды өзүмө алып берүүсүнө жардам көрсөтүүсүн сурайм. Кыздарым өзүмдүн колумда, жанымда жүрүшүн каалайм, жардам бериңиздер. Ошол кезде өзүм катуу стресске түшүп калгам. Ачуу үстүндө уруп койгонмун. Мен кыздарыма жамандык каалабайм. Тарбиялуу болсун деп аябай ачуум келип жатканда уруп койгом. Бирок аларды аябай жакшы көрөм. Төрт ай бою көрбөдүм. Кандай болуп калгандарын билбейм. Өзүмдүн көз алдымда чоңойсо дейм. Мени жолдошум аябай урчу. Бурчка тургузуп алып уруп, «өлтүрүп апаңдын жанына жиберемин» дейт эле. Кызым жети ай болуп, отуруп калган кезде кышта жылаңач кылып чечиндирип, сыртка алып чыгып отургузуп койду. Жатып алып ыйладым ошол жерден. «Ооруп калса кимге зыян?» деп ыйладым. «Жөн кой, акыл кирет» деп коёт жолдошум. Алты айлык балага каяктан акыл кирет эле. Ушундай аракеттерди жасаган адам кантип кыздарды багат. Кыздарымды аябай сагындым. Кана эми жанымда болуп калса. Көз алдымда басып жүргөндөрүн сагындым. «Апа» деп айтканыдарын сагындым. Кеч киргенде кийимдерин кучактап алып ыйлап отурам. Аябай жакшы көрөм. Экөөнү эч кимге бербей чоңойтком. Өзүм ата-энемден ажырагандай, алар да ажырабасын дейм»,— деген келин.

16 Февраль 2024 жыл 15:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча