GoBus Ысык-Көлгө дагы эки жаңы багытты ачты

15-июндан тарта GoBus эки жаңы багытты ишке ашырат, деп кабарлайт Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду.

Бишкектен эми «Ысык-Көл Аврора» санаториясына ыңгайлуу автобус менен жетүүгө болот. Күн сайын эс алуучулар үчүн — Бишкектин Жеңиш аянтынан эртең мененки саат 8де жана Аврорадан — Бишкекке саат 18.00дө жөнөйт. Билеттердин баасы 500 сом.

Дагы бир каттам Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропорту менен «Ысык-Көл Аврора» санаторийинин ортосунда каттап турат. Маршруттук бустардын каттоосу аэропорттогу каттамдардын графигине байланыштуу болот. Жол акысы 300 сом.

Белгилей кетсек, GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө, ошондой эле «Ала-Арча» жаратылыш паркына же «Манас» аэропортуна билеттерди сатып алууга болот. GoBus`тун башка багыттары да биринчи кезекте сырттан келген туристтерге жана өлк жарандарына багытталган жаңы каттамдар ишке киргизилүүгө даярдалып жатат.

13 Июнь 2023 жыл 11:13

Тема боюнча