Гулида Жакыпакунова «Күндүн кызматкери» аталды

«Күндүн кызматкери» рубрикабыздын кезектеги каарманы — Гулида Жакыпакунова. Ал 2020-жылдан бери «Альянс Алтын» компаниясынын лабораториясында улук инженер-химик болуп эмгектенип келет.

«Альянс Алтын» компаниясынын лабораториясында Гулида Жакыпакуновага ар бир келген үлгүнү кыска убакытта текшерип чыгарып берүү милдети жүктөлгөн. Лабораторияга геологдордон, фабрикадан үлгүлөр келип, кызматкерлер алтын, күмүштүн анализдерин чыгарышат.

Андан тышкары башка химиялык бирикмелердин курамын, активдүүлүгүн билүү үчүн алынып келинген бирикмелердин анализин чыгарып беришет.

«Альянс Алтын» компаниясында эмгектенип жатканыбыздын негизги артыкчылыктарынын бири — үйүбүзгө, үй-бүлөбүзгө жакындыгы жана туруктуу жумуш менен камсыз болгонубузда. Компанияда иштеп келечегибизге жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз. Андан сырткары компаниядагы эмгек жамаат өтө жөнөкөй, бири-бири менен иш алып баруусу, мамиле түзүүсү абдан жакшы. Жерүй алтын кени биздин экинчи үйүбүз болуп калды. Атмосфера абдан жеңил болгондуктан жумушубуз ылдам жүрөт. Ошондой эле таза абада, тоо койнунда иштөө ар бир адамдын ден соолугуна пайдалуу» — дейт Гулида Жакыпакунова.

16 Июнь 2023 жыл 16:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча