«Ихсанга» алдангандар Жогорку соттун алдына чогулушту

«Ихсан» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин үлүшчүлөрү кечээ, 6-мартта Бишкекте Жогорку соттун алдына чогулушту.

Чогулгандар кооперативдин камакка алынган каражаттарын чыгарып берүүнү талап кылышты. Алардын айтымында иш Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан каралып жатат, бирок создуктурулуп жатат.

Эске салсак, 2024-жылы 19-мартта “Ихсан” кооперативи аркылуу батир алууга акча салган жарандар бийликке кайрылып, алардын көйгөйүнө көңүл бурууну суранышкан. Алар кооперативдин банк эсебиндеги акчанын бир бөлүгү чыгарылып кеткенин, жабыркагандарга бирдей мамиле жасалбай жатканын айтып чыгышкан.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ихсан” кооперативинин жетекчилери боюнча 2024-жылдын 16-февралында чечим чыгарган. Ага ылайык, кооперативдин башчысы Акинай Бекмурзаева 12 жылга кесилип, жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирилген. Кызматкер Эрмат Абылкасымов 11 жылга эркиндиктен ажыратылган.

Жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашык деп бааланган. 

7 Март 2025 жыл 6:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча