Көлбаевди кармоо иши болгон жерге Алымкадыр Бейшеналиевдин эмнеге барганы белгилүү болду

Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Аны кайсы иш боюнча кармоо жүрүп жатканы азырынча белгисиз.

Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде атышуунун үндөрү угулганын жазышты. Ошондой эле жерине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин барганы айтылып жаткан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине министр Алымкадыр Бейшеналиев «Тез жардам» кызматынын унааларын текшерүү үчүн барганын, тез эле кетип калганын айтты. Ал эми соцтармак колдонуучулары Камчы Көлбаевдин жаракат алганын жазып жаткан боюнча «менин маалыматым жок» деп жооп берди.

4 Октябрь 2023 жыл 16:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча