Кара-Кулжа районундагы селдин кесептери

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 20-апрелде саат 20:30дар чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөнүн ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымын сел калдыктарынан тазалоо үчүн №26 ЖТИден 1 грейдер жана айыл өкмөтүнөн жүктөгүч тартылган, учурда унаа жол бир тараптуу ачык.

Ошондой эле, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 12 турак үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирген.

Ылай-Талаа айылында 20 турак үйдүн короолорун сел каптап, анын ичинен 5 турак үйдүн ичине сел суулары кирген.

Бүгүн 2 айылда селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, ӨКМден 3 кызматкер, Кара-Кулжа райондук ӨКБдан 11 куткаруучу, мотопомпа, №26 ЖТИден жүктөгүч, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик тартылган.

Тилекке каршы селдин кесепетинен бир адам каза болду. 

22 Апрель 2024 жыл 9:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча