Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Тажикстанды утту

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионатында экинчи жеңишке жетишти.

Турнир ушул күндөрү Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) өтүп жатат.

Тайпалык баскычтын 2-турунун алкагындагы беттеште кыргызстандыктар талаа ээлери менен беттешип, 4:2 эсебинде жеңишке жетишти.

Эки голду Кенжебүбү Ырысбек кызы киргизсе, Нурсулуу Мурзакулова менен Медина Рыспекова дагы бирден гол киргизишти.

Биринчи турда кыргызстандыктар Түркестандын командасын 3:1 эсебинде утуп алган. Эки раунддун жыйынтыгы менен  Кыргызстандын командасы 6 упайга ээ болуп, 1-орунду ээледи.

7-февралда Кыргызстандын курама командасы Иран менен беттешет.

6 Февраль 2024 жыл 8:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча