Бишкекте 25-майда башталган футбол боюнча «Мурас» салттуу достук мелдеши президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.
26-майда, «Президенттин командасы» курамы 1/4 финалда «Билим» командасын утуп алды.
Эске сала кетсек, мамлекет башчысы министрлерден, маморгандардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен турган президенттин командасынын курамында ойнойт.
«Мурас» достук мелдешине 16 команда катышып жатат.