Окуучу кыздарга ыдык көрсөтүүгө шектелген мектеп директору кармалды

Хатлон облусундагы Шамсиддин Шохин районунда окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен орто мектептин директору кармалды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, райондогу мектептердин биринде окуган жогорку класстын эки окуучусу директор аларга ыдык көрсөткөнүнө даттанган.

Азырынча мектеп директоруна каршы кылмыш иши козголо элек, бирок ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) райондук бөлүмүндө камакта отурат.

Директордун жакындары бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Бирок алар анын күнөөсү жок экенине ишенишерин жана жакынкы убактарда бошотулат деп үмүттөнүп жатышканын кошумчалашты.

2021-жылы Тажикстандагы мектептердин биринде иштеген мугалим окуучу кызды зордуктаганы үчүн 17 жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Хатлон облусунун Яван районундагы Нурек шаардык лицейинин мугалими 17,5 жылга соттолгон. Ал 12 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө күнөөлүү деп табылган.

5 Июнь 2023 жыл 10:07

Тема боюнча