Ошто бейбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ушул жылдын 29-ноябрь күнү кечинде Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде бир жаран бейбаштыктан улам жергиликтүү тургунду сабап салганы тууралуу маалымат алынган. Анын натыйжасында жабырлануучу денесинен жаракат алган.

Бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгында катталган. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам иш-чараларды ИИМдин КИББдин Үчүнчү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Шектүүнүн криминалдык чөйрөдө туруктуу байланыштары жана кадыр-баркы бар деген маалымат алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам иштердин жүрүшүндө Ош шаарынан 1995-жылы туулган А.Т. кармалган.

Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

12 Декабрь 2023 жыл 12:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча