Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык,өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.