Садыр Жапаров Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтерин мэрияга өткөрдү

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүү жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

«Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө» жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине бир катар тапшырмалар берилген. Алар:

Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу;

Бишкек жана Ош ТЭЦтерин активи, каржылоосу, штаттары менен кошо мэриянын балансына өткөрүү;

2028-жылга чейин жылуулук менен жабдуучу ишканаларды субсидиялоону токтотуу;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына киргизүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү.

5 Апрель 2024 жыл 19:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча