“Сапат” билим берүү мекемелеринин иши кандай болот?

“Сапат” билим берүү мекемелери өз ишин улантат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Буга чейин кабарлангандай, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” эл аралык фондунун башкаруусуна өткөрүү чечими кабыл алынган. Мындай чечим “Сапат” билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын, окуучуларынын, студенттеринин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын жакшыртат деген ишеничте кабыл алынган.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемелер тармагынын “Маариф” эл аралык фондунун башкаруусуна өтүшү билим берүү мекемелеринин ишмердигин үзгүлтүккө учуратпайт. Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Мамлекеттик билим берүү стандарттарына, предметтик стандарттарга, базистик окуу пландарына жана окуу программаларына ылайык билим берүү процесси уюштурулат. Тарбиячылар, мугалимдер жана окутуучулар мурдагыдай эле өз кесибин аркалай беришет. Тарбиялануучулар, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантышат. Билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун укуктары корголот.

Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги аталган фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагында билим берүүнүн сапатын азыркы деңгээлинен түшүрбөө, колдон келсе, азыркыдан да жогору деңгээлге чыгаруу керектигин баса белгиледи.

9 Январь 2025 жыл 11:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча