Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлүүдө

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

«Урматтуу жарандар! Шамал катталган учурда коопсуз жайларда болуңуздар! Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү кызматына токтоосуз чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат»,-деп айтылат маалыматта.

22 Январь 2025 жыл 9:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча