Шектүү мурдагы аялына сүйлөшкөн кызынын жүрөгүнө бычак сайып, канын ваннага төгүп, денесин бөлүп, бочкага салганын айткан

Санкт-Петербургдун тургуну чогуу жашаган кызды өлтүрүп, андан кийин сөөктү желим бочкага салып, бочканы кислота менен толтурганын Орус ЖМКлар жазды.

Маалыматка караганда, 21-сентябрда полицияга шектүүнүн мурдагы аялы кайрылып, анын мурдагы күйөөсү кылмыш кылганын билдирген. Тергөөчүлөр Балтийская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан кол салган адамга таандык унаадан бочка табышкан. Аны текшергенден кийин ичинен адам денесинин калдыктарын табышкан. Шектүүнү Орусиянын башка аймагынан табышкан.

«Фонтанка.ру» басылмасы жазгандай шектүү 36 жашта, ал эми аны менен чогуу жашаган кыз 21 жашта болчу. Кылмыш болгон күнү киши мурдагы аялына аудио жөнөткөн. Анда сүйлөшкөн кызынын жүрөгүнө бычак сайганын, канды ваннага төккөнүн, жансыз денени бөлүктөргө бөлүп, бочкага салганын айткан. 

25 Сентябрь 2024 жыл 13:10

Тема боюнча