Таласта 350 мугалим билим берүүдөгү реформалар менен таанышты

Талас шаарында «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аттуу Улуттук педагогикалык форумдун регионалдык этабы өттү. 

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, анда билим берүү тармагындагы жаңы багыттар жана алдыдагы милдеттер талкууланды.

«Иш-чарага Талас облусунун билим берүү тармагынан 350 өкүл катышты. Алар жаңы окуу жылындагы негизги багыттар, билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр, окуу программалары жана стандарттар, ошондой эле педагогдордун кесиптик өнүгүүсү боюнча маалымат алышты», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, форумда билим берүү кызматкерлери менен түз диалог уюштурулуп, катышуучулар адистерге суроолорун берип, жооп алышты. Секциялык жыйындарда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу маселелери каралды.

7 Сентябрь 2026 жыл 15:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча