Таласта милиция кызматкерлери тарабынан баңгизат менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы кабарлады.
2024-жылдын январь айынын аягында ИИМдин КИББдин Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштылуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине «Темике» аттуу киши баңги заттарды сактап, сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө «Темике» аттуу адам Талас облусунун 1985-жылы туулган тургуну С.Т. экени аныкталган.
Факт боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козголгон.
1985-жылы туулган С.Т. аттуу жарандын үйүн тинтүү учурунда 1 килограммдан ашык «марихуана» баңги заты жана тийиштүү мекемеде каттоосу жок сайсыз мылтык табылып, алынган.
Учурда иш боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

