Таласта төкмө акындардын эл аралык айтышы башталды

11-октябрь күнү К. Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында төкмө акындардын эл аралык айтышынын I туру башталды.
Ачылыш аземде ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев куттуктоо сөз сүйлөп, анда айтыштык ѳнѳр — акындык өнөрдү чыңоочу маданиятыбыздан орчундуу орун ээлеген мурастарыбыздын бири экендигин баса белгилеп, Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгын жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесин куттуктап келген сөз өнөрүнүн устаттары, ак таңдай акындарга ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын ачылышында Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ошондой эле руханий дөөлөттөрдү жайылтууда кошкон олуттуу салымдары үчүн бир катар эмгек алдынкылары Талас облусунун «Ардактуу атуулу», «Чыгаан атуулу» наамдары менен сыйланышты.

Кыргыз-Казак эл аралык «Айтыш» кароо-сынагына коңшу Казакстандан келген 4 акын жана өлкө аймагынан 14 жалпы 18 акын катышууда. Алар: Элмирбек Иманалиев, Темирбек Матыбаев, Жибек Сапар кызы, Абдылда Нуралиев, Шайлообек Отунчиев, Тынчтыкбек Эсенбай уулу, Чыңгыз Кожошев, Акматбек Султан уулу, Кадырбек Бейшенов, Асылбек Маратов, Мамбеттокто Мамбеторозо, Кутман Садыбакасов, Турдубек уулу Садырбек, Эсет Досалы, Нурлыбек Курманов, Шугайып Сезимхан, Бек Шымат.


I турдун жыйынтыгы менен жарым финалдык бөлүккө 8 акын аттанышты. Алар:
Элмирбек Иманалиев, Темирбек Матыбаев, Жибек Сапар кызы, Абдылда Нуралиев, Акматбек Султан уулу, Кадырбек Бейшенов, Нурлыбек Курманов, Бек Шымат.

Ал эми жарым финалдык жана финалдык бөлүктөр бүгүн, 12-октябрда Улуттук Манас Ордо комплексинде саат 12:10 дө башталды.

12 Октябрь 2024 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча