Өлкө башчы Садыр Жапаровдун колдоосу менен Талас шаарынын көчөлөрүнө асфальт басуунун алгачкы жумуштары башталды.
Шаар башчысы Эрмат Джумаев Талас шаардык таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эркин Мамбетович менен биргеликте шаар аймагындагы асфальт басуу иштеринин алгачкы этабы менен жеринен таанышты.
Анын жүрүшүндө асфальт басуудан мурун таза суу, саркынды суу түтүктөрүн жаткыруу иштерине байланышкан айрым көйгөйлүү көчөлөрдү жеринен көрүштү. Жолугушууда аталган көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланып, сунуш – пикирлер айтылды. Мэр Эрмат Джумаев асфальт басуудан мурун Таза суу муиципалдык ишканасынын бул жаатта аткара турган жоопкерчиликтүү ишин баса белгилеп, иштердин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүүгө, мүчүлүштүктөрдү тезирээк жөнгө салуу тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен Талас шаарындагы борбордук жана ички көчөлөргө 30 км, ал эми тротуарларга 20 км асфальт басылат.