Ташиев, Зулушевдин кызматтан алынганы тууралуу үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан алынганы тууралуу пикирин билдиргендерге жооп жазды.

«Курманкул Зулушев мекенин сүйгөн, мыйзамды так аткарган, Башкы прокурор болду. Ал дагын өлкөгө көп кызматын көрсөтөт, сагызган сайрай берет, үнү эч кимге жакпаганын сезбестен, дагы бирди көргүсү келип калса керек, Мекенин саткан чыккынчы болду бул Сагызган!»,-деп жазды Ташиев.

Буга чейин, Адахан Мадумаров Башпрокурордун кызматтан алынганы тууралуу пикирин билдирген.

3 Июнь 2024 жыл 19:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча