Кечээ, 11-июнда Азия зонасында Дүйнө чемпиондугу жана Азия Кубогунун айкалышкан экинчи тандап алуу раундунун алкагында 6-жыйынтыктоочу турдун оюндары орун алып, Кыргызстандын улуттук курамасы Оманга каршы кез келди.
Оюн курамалардын тең чыгуусу менен аяктап (1-1), анын жыйынтыгында, Кыргызстандын Улуттук курамасы Азия Кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-баскычына чыгуусу менен аяктады.
Кыргыз футбол биримдиги УКМКнын төрагасы жана Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин беттештен кийинки эмоциясы тартылган видео менен бөлүштү.