
Өзүн «принц» деп атоону талап кылып, жаракат алган балага бутун өптүрүп жаткан өспүрүмдүн видеосу социалдык тармакка тарады. Интернет колдонуучулар тараткан маалыматка караганда, окуя 24-июлда болгон. Бутун өптүргөн бала өспүрүмдөрдү коркутуп, акча чогултары айтылган.
Аталган окуя боюнча Чүй ОИИББге кайрылганыбызда өзүн «принц» деп атаган балага карата «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгонун билдиришти.
25-июлда Сокулук РИИБине М.М. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал 24-июлда болжол менен саат 20:00 чамасында Сокулуктагы Калинин көчөсүндө 2008-жылы туулган баласын И. аттуу бала бычактап салганын айткан. Анын кесепетинен өспүрүм ооруканага жаткырылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголгон. Арыз ээсинин айтымында, кол салган адам ошол аймактагы өспүрүмдөрдү коркуткан.
26-июлда кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факты боюнча экспертиза дайындалып, тергөө уланууда дешти башкармалыктан.