Өзбекстан, Түркмөнстан, Афганистан, Тажикстандын футбол боюнча жаштар курама командалары Ошко келишти

CAFA U-20 Championship 2024 турнирине катышуу үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан, Афганистан, Тажикстандын футбол боюнча жаштар курама командалары «Ош» эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдирди.

Аэропорттон жаш футболчуларды салтанаттуу тосуп алышты.

Эске салсак, 5-июлдан 12-июлга чейин Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда CAFA U-20 Championship 2024 турнири өтөт.

4 Июль 2024 жыл 13:49

Тема боюнча