Жайлоодогу кош бойлуу келин, тик учак менен Бишкеке жеткирилди

Кош бойлуу келин Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Отуз-Ат жайлоосунан Бишкекке тик учак менен жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, 28 жаштагы А. кызы Н. аттуу келиндин абалы оорлоп, жардам сурап кайрылышкан.

Келин борбордогу төрөт үйлөрүнүн бирине жаткырылды.

11 Июль 2024 жыл 13:50

Тема боюнча