Жалал-Абад облусунда баңги затын мыйзамсыз алып жүргөн милиция кызматкери кармалды

УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБнин Бек-Абад айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны К. у К. тарабынан уюштурулган баңги заттарды сатуунун туруктуу каналдарынын бирине бөгөт коюлду.

Такталгандай, аталган кызматкер көптөн бери Жалал-Абад облусунун аймагында ири өлчөмдөгү баңги затын ташуу жана сатуу менен активдүү алектенип келгендиги аныкталган.

2023-жылдын 14-декабрында мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын коопсуздук кызматынын бөлүмү менен биргеликте, «Афган Чарс» баңги затынын кезектеги партиясын сатуу учурунда жогоруда аталган милиция кызматкери пара менен кармалды. Мындан сырткары баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан И.И., У.Ш.М. аттуу эки жаран кармалган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 562 граммды түзгөн.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

18 Декабрь 2023 жыл 11:03

Тема боюнча