Жалал-Абаддагы «Барселона» футболдук клубунун биринчи академиясы 6 жаштан 12 жашка чейинки балдарды кабыл алууну жана 13 жаштан 18 жашка чейинки оюнчуларды тандоону жарыялайт.
Кыргыз футболдук союзунан билдиришкендей, балдарды жана оюнчуларды жеринен кабыл алуу 15-сентябрда академиянын аймагында өтөт.
Академиядан маалымдашкандай, жаш футболчуларга испандык машыктыруучулар менен футболдун каталондук ыкмасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Андан тышкары, академиянын окуучулары эл аралык мектепте билим алууга мүмкүнчүлүк алышат, ал жерде балдар европалык окутуу системасына боюнча билим алышат.
Академияга кабыл алуунун башка шарттары менен жеринде таанышсаңыз болот.