16 жаштагы кыз төрөдү. 3 айдан бери кылмышка шектүү белгисиз

Ош облусунун Өзгөн районунда 16 жаштагы кыз апрель айынын башында төрөдү. Бул тууралуу  облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка караганда, ал уул төрөп, үйүнө чыгарылган.

Жашы жете элек кыздын кош бойлуу экенин райондук милицияга 2023-жылдын 15-декабрында маалым болгон.

Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, 3 айдан бери тергөө амалдары жүрүп, экспертиза дайындалган. Бирок облустук милиция кандай экспертиза дайындалганын тактаган жок. Кылмышка ким шектелип жаткандыгы дагы белгисиз.

«Экспертизанын жыйынтыгы менен маалымат беребиз», — деп убадалады мекемеден.

8 Апрель 2024 жыл 19:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча