Тоңдо катуу шамал болуп, чатырларды учурду

12-апрелге караган түнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу айылында катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Катуу шамалдын кесепетинен турак үйдүн чатырын учуруп, дубал кулап калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Социалдык мекмелерден, жарандардан кабар алууга жана тактоо иштерин жүргүзүүгө Тоң райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жөнөтүлдү»,— деп айтылат маалыматта.

12 Апрель 2025 жыл 19:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча