Кыргызстанда курч ичеги-карын инфекциясына кабылгандар көбөйдү

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары — ашказан-ичеги жолдорун жабыркатуучу жугуштуу оорулар экенин эскертти.

Көпчүлүк учурда бул оорулар булганган суу, тамак-аш, кир кол жана тиричилик буюмдары аркылуу жугат. Адистердин белгилөөсү боюнча, курч ичеги-карын инфекцияларына өзгөчө балдар тез кабылышат.

Оорунун негизги белгилери:

  • дене табынын көтөрүлүшү;
  • кускусу келүү жана кусуу;
  • ич өтүү жана ичтин оорушу;
  • жалпы алсыздык;
  • организмдин суусуздануу белгилери.

Оорунун алгачкы белгилери пайда болгондо, жарандарды тезинен дарыгерге кайрылууга, суюктукту көп ичүүгө жана өз алдынча дарыланбоого чакырышат.

Борбор ошондой эле негизги алдын алуу чараларын да эске салды:

  • колду самындап бат-баттан жуу;
  • коопсуз, таза суу гана ичүү;
  • жашылча-жемиштерди кылдаттык менен жууп пайдалануу;
  • азык-түлүктөрдү (өзгөчө эт, жумуртка) жакшылап бышыруу жана кууруу;
  • тамак-ашты туура сактоо жана ашканада тазалыкты бекем сактоо зарыл.
26 Май 2026 жыл 17:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча