Көңүл буруңуз! Борбор калаанын айрым бөлүгүндө суу өчөт

28-майда Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 28-майда саат 09:00дөн 23:00гө чейин Куланак көчөсү – Молдокулов көчөсү – Куйручук көчөсү – Ахунбаев көчөсү менен чектелген аймакта суу болбойт.

Суу Д-225 мм болгон суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан,  тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат»,-деп айтылат маалыматта.

26 Май 2026 жыл 13:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча