Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров 20-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.
Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту 23-сентябрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Аны менен кошо А.Ж.А. аттуу дагы бир адам кармалган. Бирок ал ким экени азырынча белгисиз.
Атайын кызмат козголгон кылмыш иши жана иш кайсыл берене менен тергелип жатканы тууралуу комментарий бере элек.