Кыргызстанда алгачкы спутник иштелип чыгып, учурууга даярдалууда

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков «Кыргыз Асман» ААКта иштелип чыккан алгачкы кыргыз спутниги менен тааныштырылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, спутникти иштеп чыгуу жана чогултуу иштери Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүзүлүп, долбоорго 2,5 жылдай убакыт кеткен. Учурда космоско учурууга даярдык көрүлүүдө. Спутник октябрь айынын биринчи жумасында АКШнын Калифорния штатынан учурулат.

Белгиленгендей, спутник негизинен айыл чарба тармагында колдонулат. Андан алынган маалыматтар эгин талааларынын абалын көзөмөлдөөгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого,  айыл чарба жерлерин жана жайыттарды талдоого, кургакчылыктын белгилерин эрте аныктоого жана түшүмдүүлүккө алдын ала баа берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле спутниктик мониторинг мөңгүлөрдүн, суу ресурстарынын жана экологиялык абалдын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт.

«Спутниктен алынган сүрөттөр аркылуу айыл чарба тармагында алдын ала божомолдоо мүмкүнчүлүктөрү кеңеет. Ошондой эле экологияга, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого, мөңгүлөргө жана суу ресурстарына талдоо жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Бирок спутник биринчи кезекте айыл чарбасын өнүктүрүү багытында колдонулат», – деди министр Эрлист Акунбеков.

Учурда «Кыргыз Асман» ААКта спутниктин негизги бөлүктөрүн чогултуу, электрондук жабдууларды орнотуу жана системаларын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурууга чейинки акыркы даярдыктар аяктагандан кийин спутник космоско жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек «Кыргыз Асман» ААКтын жалгыз акционери — КР министрлер кабинети. Ал эми жалгыз акционердин укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жүзөгө ашырат.

24 Сентябрь 2026 жыл 18:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча