Курман айт: Коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкерлери камсыздайт

Эртең, 27-май Курман айт күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Мындай чара жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, ошондой эле укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу максатында көрүлүүдө.

Белгиленгендей, майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда республика боюнча коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.

Милиция кызматкерлери тарабынан мечиттерде, эл көп чогулган жайларда, базарларда, эс алуу аймактарында жана башка коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат.

Ички иштер министрлиги жарандарды коомдук тартипти сактоого, коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга жана шектүү жагдайлар, буюмдар же окуялар тууралуу ички иштер органдарына өз убагында билдирүүгө чакырат.

26 Май 2026 жыл 16:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча