«Альянс Алтын өнүктүрүү фондунун» каржылык колдоосу менен Бакай — Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылындагы Ооган согушунун баатырларына арналып тургузулган эстеликтин айланасы темир томтолор менен тосулуп, жарык берүүчү чырактары алмаштырылды.
Ал учун «Альянс Алтын өнүктүрүү фонду» 300 000 сом акча каражатын бөлүп берген. Бүгүнкү күндө эстеликтин көркүнө көрк кошулуп, айланасы заманбап талаптарга келтирилди. Аталган жумуштар келишимдин негизинде «Модэ» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-февралында Совет мамлекетинин Ооганстандан өз аскерлерин чыгаргандыгынын 35 жылдыгы белгиленди.
Ооган согушуна Кыргызстандан 7141 жоокер катышкан. Анын ичинен Талас облусунан 330 жоокер аттанып, 41 жоокер баатырларча курман болгон.





