“Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына 5000 даана кайыңдын көчөттөрү олтургузулду.
Аймакты жашылдандыруу боюнча демилге айыл өкмөтүнөн сунушталып, фонд тарабынан жактырылган.
Олтургузуу иштерине аталган айыл өкмөттүн жана Талас районундагы мекеме-уюмдардын кызматкерлери жардам кылышты.
Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” компаниясы жана “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Талас облусундагы жашылдандыруу, көктөндүрүү, ишембилик өткөрүү жана башка экологиялык долбоорлорду колдоп келет.