“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Айтматов район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун суранычын аткарды.
Маалым болгондой, фонддон 606 миң сом каржыланды.
Натыйжада борбордун жараксыз азем (актовый) залы заманбап болуп оңдолду.
Бөлмөдө жылытуу системасы, пол, терезе, эшик жана жарык берүүчү лампалардын баары жаңы.
Мындан тышкары бардык шарты менен жуунчу жай, душ, ажаткана курулуп, аристон жана башка жабдуулар менен камсыздалды. Мындай колдоого аталган кызматтын эмгек жамааты кубанып, фондго ыраазычылыктарын билдиришти.








