Урматтуу автомобиль транспортунун жана жол чарбасынын кызматкерлери, Сиздерди «Альянс Алтын» компаниясы кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайт!
Биздин компания автомобиль транспорту жана жол чарбасы жаатындагы эң мыкты адистер менен бирге эмгектенгенибизге сыймыктанабыз!
Сиздердин ар бириңиздер биринчи класстагы чеберчилигиңиздер жана жол тартипти сактаганыңыздар менен айырмаланып турасыздар. Биз ар дайым сиздерге ишеним арта аларыбызды билебиз! Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер биздин компанияга бардык милдеттерди аткарууга жана алдыга мындан да чоң максаттарды коюга жардам берет.
Сиздердин кесиптик сапаттарды жалгыз Жерүй эле эмес, бардык эл билет. Өткөн жылдары кар калың жааганда Талас облусунун жеңил жана жүк ташуучу унаалар өтүүчү жолдорду ачууга жана тазалоого жардам бергенсиздер. Аба ырайынын татаал шарттарында жана түнкүсүн да иштөөгө даяр болуп турасыздар.
Биз Сиздердин ишке дайым даяр болуп, берилип иштегендиңиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз! Сиздерге чың ден соолук, жакшы маанай жана кесиптик ийгиликтерди каалайбыз! Ишиңиздер сиздерге ар дайым кубаныч алып келсин!