Ашууларда абал кандай?

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ашууларда кар жаап, жол тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жумуштар “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат. Каттам бар.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Ак-Бейит, Түз-Бел жана Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, инерттик материалдар чачылууда. Ал эми Төө-Ашуу менен Ала-Белде күн бүркөк.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

18 Апрель 2025 жыл 10:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча