Азия чемпионаты: Балбан Айпери Медет кызы алтын жеңди

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында бүгүн, 13-апрелде жалпысынан беш комплект медалдар ойнотулуп жатат.

76 килограмм салмак тобунда Айпери Медет кызы финалда алтын медал үчүн кытайлык Юань Хуангды менен күч сынашып жеңишке жетти.

Жарым финалда Айпери Медет кызы казакстандык күчтүү атаандашы Элмира Сыздыкованы 5:1 эсеби менен уткан.

Муну менен Айпери Медет кызы буга чейин 2021- жана 2023-жылдарда финалда утулуп калган атаандашынан өтүп, реванш алды.

13 Апрель 2024 жыл 20:57

Тема боюнча