Кыргызстанда башталгыч класстарга бир гана кыргыз тилинде билим берүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева сунуштаган долбоорго ылайык, жалпы негизги жана орто билим берүү үч тилде жүргүзүлөт.
“Англис тили технологияда жана бизнесте басымдуу тил болуп саналат. Дүйнөдөгү ири эл аралык технологиялык компаниялар жана корпорациялар байланыш жана документ жүгүртүү үчүн негизги тил катары англис тилин колдонушат. Англис тилин үйрөнүү биздин жарандарга жумуш табууда жана ар кайсы өлкөлөрдүн адистери менен бизнес байланыш түзүүдө артыкчылык берет алат”, — деп жазылган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.
Үч тилдүү билим берүү системасынын шартын Министрлер кабинети түзүп чыгары жазылган.