Бишкек — Ош жолунда таш кулап, унаанын ичиндеги кыз көз жумду

Бишкек — Ош жолунда таш кулап, унаадагы кыз көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 29-март күнү саат 16:40 чамасында болгон. Анда мерседес-Бенц-Спринтер 515-CDI унаасынын айдоочусу түштүктөн түндүк тарапка багыт алып бара жатып Бишкек-Ош унаа жолунун 92,700- чакырымында тоодон чоң таш кулап унаанын оң жагындагы арткы айнегин сындырып ичине кирип, артында отуруп бара жаткан өспүрүм кызды басып калган.

Ал эми кырсыктан 2014-жылы туулган кыз окуя болгон жерде каза болгону айтылды.

31 Март 2025 жыл 9:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча