Кечээ Бишкектеги Башкы прокуратуранын имаратынын жанында бир адам өзүн өзү өрттөп жиберген. Бул маалыматты жардам милициядан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя Башкы прокуратуранын имаратынын жанында болгон.
«31-мартта 102 кызматына Башкы прокуратуранын имаратынын маңдайында жайгашкан унаа токтотуучу жайда адам өзүн-өзү өрттөгөндүгү тууралуу чакыруу түшкөн.
Ушул эле күнү аталган факты Октябрь РИИБге катталган. Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө өзүн-өзү өрттөгөн 1960-жылы туулган Ф.И. аттуу жаран экени аныкталган. Окуяга анын Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылышы себеп болгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши тергелип бүтүп, айыптоонун корутундусун бекитүү жана маңызы боюнча кароо үчүн райондук сотуна өткөрүп берүү үчүн Москва районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.
Учурда тергөө чейинки тергерүү иштери жүрүп, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат»,- деп айтылат маалыматта.