Бишкектеги 8 көчө качан оңдолуп бүтөт? Мэриянын жообу

Мэрия Бишкектеги сегиз көчөнү оңдоп-түзөө иштери болжол менен качан бүтөрүн кабарлады.

Реконструкция иштери марттын аягында башталган, бирок баарында эмес. Оңдолуп жаткан жана оңдоло турган көчөлөрдүн тизмеси:Шабдан баатыр көчөсүнүн Курманжан даткадан Лермонтовго чейинки бөлүгү (1,7 чакырым) 25-апрелде жасалып баштап, 10-июнда аяктайт;

Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрелден Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгү (1,7 чакырым) 25-июндан 25-сентябрга чейин;

Жибек Жолу проспектинин Курманжан даткадан Лермонтовго чейинки бөлүгү (1,8 чакырым) 25-марттан 6-июнга чейин;

Жаш Гвардия бульварынын Жибек Жолунан Бөкөнбаевге чейинки бөлүгү (1,9 чакырым) 25-марттан 26-июлга чейин;

Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимовдон Калык Акиевге чейинки бөлүгү (3,34 чакырым) 1-майдан 31-августка чейин;

Москва көчөсүнүн Жаш Гвардиядан Фучикке чейинки бөлүгү (1 чакырым) 20-майдан 3-июлга чейин;

Медеров көчөсүнүн Панфиловдон 7-Апрелге чейинки бөлүгү (2,5 чакырым) 25-марттан 31-майга чейин;

Курманжан датка көчөсүнүн Жибек Жолунан Чүй проспектине чейинки бөлүгү (1,5 чакырым) 2-августтан 31-октябрга чейин.

Эскерте кетсек, 20-апрелден тарта мэрия Чүй проспектинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармактарын оңдойт, мындан улам автоунаа үчүн кыймыл чектелет.

17 Апрель 2025 жыл 21:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча