Бостеридеги жаш жигиттин өлүмү. Айыпталуучуларга соттун өкүмү чыкты

Ысык-Көл райондук соту 5-апрелде Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө айыпталгандарга карата өкүм чыгарды.

Ысык-Көл райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен Б.Б.Т., Э.А.К., Ж.Р.К., А.У.А. аттуу төрт жаранды 15 жылга абакка кести. Алардын жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 12-августунан баштап эсептелет.

Мындан сырткары соттолгондордон жабырлануучу А.А.Эге 1 млн 180 миң сом өндүрүлдү.

Бекбол Аманкулов 2023-жылдын 6-августунда Бостери айылында эс алып жүргөн мезгилде, көл жээгинде каза болгон. Милиция ал талмасы кармап каза болгонун билдирип, маркумдун жакындары Бекбол киши колдуу болгонун айтып чыгышкан. Акыры иш президенттин көзөмөлүнө алынып, факты боюнча кылмыш иши козголгон.

18 Апрель 2024 жыл 15:25

Тема боюнча